Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:35

Министрлер кабинети ишкерлерге 50 бизнес-долбоор сунуштады


Өкмөт үйүнүн имараты.
Өкмөт үйүнүн имараты.

Президент Садыр Жапаровдун 23-июнда ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жыйынында инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри Алмамбет Шыкмаматов Министрлер кабинетинде 250 инвестициялык долбоор бар экенин билдирди.

Ал энергетика, айыл чарба тармагында даярдалган 50 долбоорду ишкерлерге сунуштады.

Шыкмаматов Камбар-Ата ГЭСи, Каракол кичи ГЭСтери жана Таластагы соода-логистикалык борборду куруу үчүн даярдалган долбоорлорду тааныштырды.

29-январда президент Садыр Жапаров «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Анда ишкердик субъекттеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн токтотуу тууралуу айтылат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG