Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:59

Нышанов: Мага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө добуш жеткен жок


Сайдулла Нышанов
Сайдулла Нышанов

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов аны “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен алуу тууралуу чечим мыйзамсыз экенин айтууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин расмий сайтына “Ата Мекен” фракциясынын лидери болуп депутат Шералы Абдылдаев шайланганы тууралуу маалымат чыгып, кийинчерээк өчүрүлдү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы “Ата Мекендин” лидерин шайлоо боюнча фракция чечиминде талаштуу жагдай жаралганын, эртең так маалымат берилерин билдирди.

Депутат Сайдулла Нышанов ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн жетиштүү добуш чогулбады деп эсептейт.

“Бизде 11 депутат, лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүлгөндө депутаттардын үчтөн экиси колдошу керек. Сегиз депутат ишенбөөчүлүк көрсөтүш керек болчу, булардыкы жетөө болуп калды”.

Ал эми фракциянын жаңы лидери болуп шайланганын билдирген Шералы Абдылдаев фракция чечими мыйзамдуу экенин айтып жатат.

Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланып кайра өчүрүлгөн маалыматта "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп Шералы Абдылдаев, орун басары болуп Наталья Никитенко шайланганы жазылган. Октябрь окуяларынан кийин "Ата Мекен" фракциясында бир канча ирет лидер алмашты. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG