Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Жапаров депутаттарды улут аралык ынтымакка доо кетирбөөгө чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, "Кыргызстандагы дунгандардын этникалык коомчулугу ассоциациясы" Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун билдирүүсүнө байланыштуу президентке кайрылган. Буга чейин Райымкулов парламенттин тармактык комитетинин жыйынында жер-жемиштин баасын көтөрүп ийдиңер деп дунган тектүү жарандарды сындаган.

"Садыр Жапаров баардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын улут аралык ынтымакка доо кетирчү билдирүүлөрдөн, сөздөрдү айтуудан карманууга чакырат. Улут аралык биримдикке байланыштуу кандай гана билдирүү болбосун, ал өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн деп эскертет", - деди Султанбаев.

Соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыкты.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин баалардын көтөрүлүшүнө, каатчылыкка каршы иш-чаралары тууралуу маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду айыптап, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG