Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:50

Өмүрбек Бабановдун сотуна аялы менен уулу киргизилди


Соттун имаратынын алдында Өмүрбек Бабановдун ондогон тарапташы чогулду.
Соттун имаратынын алдында Өмүрбек Бабановдун ондогон тарапташы чогулду.

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык соту "Кумтөр иши" боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасын жабык карап жатат. Ага саясатчынын аялы менен уулу гана бир катар тоскоолдуктардан кийин киргизилди. Мирлан Жээнчороев баштаган Жогорку Кеңештин айрым депутаттары сот жараянына киргизилген жок.

Соттун имаратынын алдына Бабановдун ондогон тарапташы чогулуп, "Үй камагына чыксын!", "Боштондук!" жана "Адилет сот!" деп кыйкырып турушат.

Бабановдун адвокаты саясатчыны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген.

Бабановду 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ага Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Биричи май райондук соту саясатчыны 31-июлга чейин тергөө абагында калтырган.

2011-2012-жылы премьер-министр болгон Бабанов кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG