Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Конституциялык кеңеш Токаев-Назарбаев кызматташтыгын колдоду


Казакстан. Президент Касым-Жомарт Токаев менен Эл басы Нурсултан Назарбаев экономикалык форумда. 16-май, 2019-жыл.
Казакстан. Президент Касым-Жомарт Токаев менен Эл басы Нурсултан Назарбаев экономикалык форумда. 16-май, 2019-жыл.

Казакстанда бир эле учурда президент жана эл башы институтунун иштешин Конституциялык кеңеш “максатка ылайыктуу жана натыйжалуу кызматташтык” деп тапты.

Кеңештин төрагасы Кайрат Мами бул тууралуу 21-июнда казак парламенттинин кошмо жыйынында “конституциялык мыйзамдуулуктун абалы” боюнча баяндамасында билдирди.

Кайрат Мами кайрылуусунда президент Касым-Жомарт Токаев өзүнөн мурдагы Нурсултан Назарбаевдин саясий багытын улантып жатканын белгилейт.

Анын айтымында, эки лидердин "айкалышкан кызматташтыгы айрыкча пандемиянын курч маалында олуттуу байкалган".

Конституциялык кеңештин курамына сегиз адам кирет жана Назарбаев анын туруктуу мүчөсү болуп саналат.

Тунгуч президенттин санаалашы, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Кайрат Мами 2017-жылдан бери бул кеңешти башкарат.

Конституциялык кеңеш мыйзамдардын же эл аралык келишимдердин Баш мыйзамга шайкештиги тууралуу талаш-тартыштарды карап, аларга баа берүү, жөнгө салуу укугуна ээ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG