Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Иранда АЭС авариялык абалда токтотулду


Иран. Бушердеги АЭС. 2019-жыл.
Иран. Бушердеги АЭС. 2019-жыл.

Ирандын атомдук энергетика агенттиги “техникалык катачылыктан” улам өлкөдөгү бирден-бир атомдук электр станциясында жүрүп жаткан иштер убактылуу токтотулганын кабарлады.

“Бушердеги электр станциясында болгон техникалык бузулуунун айынан Энергетика министрлигине бир күн мурун кабар жиберилди. Андан соң атомдук электр станциясы электр тармагынан ажыратылып, толук өчүрүлдү”, – деп жазылган мекеменин расмий сайтында.

Атомдук энергетика агенттиги алдыдагы күндөрдө көйгөй чечилген соң Бушердеги АЭС улуттук электр тармактарына кошула турганын кабарлады.

Мамлекеттик энергетикалык компаниянын өкүлү Таванир Голамали Рахшанимер өчүрүү 3-4 күнгө созуларын, бул аралыкта калкка электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти.

Таванирдин айтымында, азыр Бушердеги АЭСте оңдоо иштери жүрүүдө. Анын мөөнөтү болжол менен 25-июнга чейин созулат.

Иран 2011-жылы ишке киргизилген Бушер АЭСиндеги авария тууралуу биринчи жолу кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG