Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:15

“Кумтөрдү” сырттан башкаруу “Центерра” менен мунаса табылганда токтойт


Кумтөр алтын кени.
Кумтөр алтын кени.

Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Биз бир пикирге келмейинче (ред: "Центерра Голд" менен) сырттан башкаруу узартыла берет. Мунасага келсек андан ары да пландарыбыз бар. Бирок аны азыр айта албайм. Болбосо "Центерра" бизди дагы айыптап чыгат. Ошондуктан биз юристтердин чечимин күтүп жатабыз”.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы үч айга узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG