Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Бразилия жана Орусияда коронавирус жайылууда


Москвадагы оорукана. 17-июнь, 2021-жыл
Москвадагы оорукана. 17-июнь, 2021-жыл

Бразилияда COVID-19 илдетинен көз жумгандар 500 миң кишиден ашты. Өлкө бул жагынан АКШдан кийинки экинчи орунда баратат.

19-июнда президент Жаир Болсонаронун пандемияга каршы аракеттерин сындаган солчул күчтөр көчөгө чыгып, нааразылык билдиришти. Калкы 213 миллиондун айланасындагы Латын Америкасындагы бул өлкөдө коронавируска 18 миллиондой киши чалдыкты. Акыркы кезде күнүнө вирус жугузгандар 100 миңдин тегерегинде, 2 миңдей өлүм катталууда.

Бразилиялыктардын 30% гана вакцинанын биринчи дозасын алды, 11% толук эмделди.

АКШда жапырт эмдөөнүн арты менен инфекциянын жайылышын ооздуктоо мүмкүн болгону менен, адистер вирустун Индиядан тараган “дельта” деген жаңы түрү кооптуу экенин эскертишүүдө.

Ал тапта Орусияда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Июндун башынан бери вирусту жугузуп алгандар эки эсе көбөйдү.

Ишембиде катталган 18 миңдей жаңы учурдун жарымы Москвага туура келет. Эмдөө иштери солгун жүрүүдө. Борбор шаар жана эки региондо тейлөө тармагында иштегендер үчүн вакцина алуу милдеттүү деп жарыяланды. Эпидемияны көзөмөлгө алуу үчүн жаңы чектөөлөр киргизилип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG