Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:31

Иранда президенттик шайлоо өттү


Ирандагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө келген шайлоочулардын бири. 18-июнь, 2021-жыл.
Ирандагы президенттик шайлоодо добуш берүүгө келген шайлоочулардын бири. 18-июнь, 2021-жыл.

Добуш берүүнүн алдын ала белгилүү болуп калган жыйынтыгы боюнча шайлоодо Ирандын руханий лидери Али Хаменеи колдогон 60 жаштагы президенттикке талапкер, буга чейин Жогорку сотту жетектеп келген мурдагы дин кызматкери Ибрахим Раисинин утуп чыгары айтылууда. Ал Ирандагы катаал багыттын тарапкери катары белгилүү.

Анын бул шайлоодогу атаандашы дагы бийликтин өкүлү - Абдулнасыр Хеммати. Ал президенттикке талапкерлигин койгонго чейин Ирандын Борбордук банкын жетектеген.

Ирандыктар 18-июнда болгон президенттик шайлоодо талапкерлердин арасынан шайлоочулардын чыныгы каалоосун чагылдыра тургандай эч кандай тандоо жок деп жатышат.

Ирандын руханий лидери Аяттолла Али Хаменеи жарандарды сөзсүз добуш берүүгө үндөдү.

Бул жолку Ирандагы президенттик шайлоого добуш берүүгө бир нече күн калганда негизги реформачыл талапкер шайлоодон четтеди. Калган алты талапкердин бешөө катаал курстун жактоочулары.

Ирандагы бул жолку президенттик шайлоо өзөктүк программаны кыскартуу боюнча макулдашууга кайтып барууну караган сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктап жаткан туңгуюк учурга туура келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG