Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:09

Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы уланууда


Бишкекти Эски аянты. 2021-жылдын 18-июну.
Бишкекти Эски аянты. 2021-жылдын 18-июну.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапкерлеринин акциясы бүгүн 18-июнда да Өкмөт үйүнүн алдында уланды. Мекеменин өкүлү Чыңгыз Исманов "Азаттыкка" билдиргендей, Инандыны табуу талабы менен 200гө жакын адам чыкты.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча милиция Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козгогон, Интерпол да издеп жатканы айтылган. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болууда.

Милиция Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыкпаганын, ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал Кыргызстандын жарандыгын кантип алганы иликтенип жатканын маалымдашкан.

Жетекчинин жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине кат жазганын, бирок аны кабыл албай коюшканын адвокаты 15-июнда билдирген.

Инандынын тарапкерлери буга чейин да бир катар тынч акцияларды өткөрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG