Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Жогорку Кеңеш өкмөттүн кризиске каршы маалыматын укту


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. (Архивдик сүрөт)
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. (Архивдик сүрөт)

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин кризиске каршы программасын жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууда жаралган көйгөй боюнча маалыматын укту.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов катышып, учурда сугат суудан тышкары азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык, электр энергиясынын тарифтери боюнча талкуулана турган маселелер бар экенин айтты. Сугат суу боюнча абал оор экенин, көйгөйдү чечүү багытында иш жасалганына карабастан, маселе бар экенине токтолду.

Түшкө чейин парламент жыйынына Марипов келген эмес. Өлкөдөгү акыркы маселелерди талкуулаган депутаттар ага ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшкөн. Алар сугат суу тартыш болуп, дыйкандардын чарбасы күйүп жатканын, азык-түлүктүн баасы күн сайын өсүп баратканын айтып, суроолорго өкмөт башчынын өзү жооп беришин талап кылышкан. Эгерде ишти жөндөй албаса аны кызматтан кетирүү сунушу да айтылган.

Сессия соңунда депутаттар кандайдыр бир жыйынтыктоочу документ кабыл алышкан жок. Сын-пикирлерди эске алууга чакырышып, Мариповго ийгилик каалашты. Ал эске алууга аракет кылам деп жооп кайтарды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG