Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:12

Орусия: IT компаниялары жергиликтүү бөлүмдөрүн ачууга милдеттендирилет


Орусиянын Мамлекеттик думасы.
Орусиянын Мамлекеттик думасы.

Мамлекеттик дума (орус парламентинин төмөнкү палатасы) чет өлкөлүк ири IT компанияларын Орусияда филиалдарын ачууга милдеттендирген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. 17-июнда колдоо тапкан долбоорго ылайык, күн сайын кеминде 500 миң кишилик аудиториясы бар интернет компаниялары Орусияда өз бөлүмдөрүн ачпаса, анда айып пулга жыгылат же аларга бөгөт коюлушу мүмкүн.

Маалымат технологиялары тармагында иш алып барган компаниялардын жергиликтүү филиалдары "орус мыйзамдарынын сакталышына жооптуу болоору" айтылды.

Мындай эреже веб-сайттардын кожоюндарына, Орусиядагы колдонулган тилдерде маалымат тараткан программаларга, орус жарандарына багытталган жарнама платформаларына, орусиялыктардын жеке маалыматтарын топтогон бардык компанияларга тиешелүү болот. Ошондой эле алар Орусиянын "Роскомнадзор" мамлекеттик мекемесинен каттоодон өтүшү керек.

Мыйзам долбоору орус парламентинин жогорку палатасынын же Федерация кеңешинин кароосунан өткөндөн кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт. Бул орус бийлигинин интернет мейкиндигин көзөмөлдөөгө багытталган соңку аракеттеринин бири болуп калды.

2019-жылы Орусияда бийликке интернет агымын чектөөгө бир топ мүмкүнчүлүктөрдү берген "Суверендүү интернет" атка конгон мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, чукул кырдаалдар учурунда интернеттин Орусиядагы сегментин же "Рунетти" дүйнөлүк желеден бөлүп коюуга шарт түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG