Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Байден менен Путиндин сүйлөшүүсүндө «Радио Свобода» маселеси көтөрүлдү


Москвадагы "Радио Свобода" мекемесинин кеңсеси.
Москвадагы "Радио Свобода" мекемесинин кеңсеси.

АКШ президенти Жо Байден Женевада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугушууда «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы тууралуу маселени көтөрдү. Бул тууралуу Путин жолугушуудан кийинки маалымат жыйында айтты.

Путин радиого байланыштуу маселени «Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечсе болорун» билдирип, чоо-жайын тактаган жок.

Кремль «Радио Свобода» мекемесин «чет элдик агенттердин» тизмесине киргизген. "Роскомназдор" ушул жыл башынан бери «мыйзам бузду» деген шылтоо менен сотко беш жүздөн ашуун протокол жиберген. Анын алкагында радиого ар кандай айып пулдар чегерилген.

Май айынын башында орус бийлиги “Радио Свобода” мекемесинин банк эсептерин камакка алган. Ошол эле күнү айып пул төлөбөгөнү үчүн сот чечимин аткартуу боюнча чара көрүлөрүн эскерткен. Айып пул төлөнбөсө, медиакорпорациянын сайттары Орусиянын аймагында блоктолору буга чейин айтылган.

“Радио Свобода” альтернативдүү маалымат бергени үчүн орус бийлиги куугунтуктап жатат деп эсептейт.

14-майда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай компания Кремлдин чындыкты айткандарды цензуралоо аракетине каршы күрөшөрүн айткан.

“"Радио Свобода” мекемесинин журналисттери мекендештери жалган кабарларга, калпка толгон жашоого көнбөшү үчүн көз карандысыз маалыматтарды берип келет. Биздин үнүбүздү баса алышпайт”, - деп билдирген Флай.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG