Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Путин менен Байдендин сүйлөшүүсү төрт саатка созулду


Байден менен Путин. Женева. 16-июнь, 2021-жыл
Байден менен Путин. Женева. 16-июнь, 2021-жыл

Ак үй АКШ президенти Жо Байдендин орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуусу төрт сааттык сүйлөшүүлөрдөн кийин аяктаганын билдирди. Байден Путин кездешкен америкалык бешинчи президент.

Саммит Женевадагы байыркы виллада өттү. Лидерлер адегенде бир жарым саатча чакан чөйрөдө – мамлекеттик катчы Энтони Блинкен жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдун, тилмечтердин катышуусунда, кийин кеңейтилген форматта сүйлөшүштү.

Президенттер андан кийин өз-өзүнчө кабарчылардын суроолоруна жооп беришти. Биринчи болуп басма сөз жыйынды Путин өткөрүп, жолугушуу конструктивдүү маанайда жүргөнүн билдирди.

Байден кызматка шайлангандан бери биринчи жолу өткөн саммит Москва-Вашингтон мамилелери “кансыз согуштан” берки эң начар деңгээлге түшкөн маалга туш келди.

Үч айдай мурун Байден Путинди "киши өлтүргүч" деп сыпаттагандан кийин Орусия АКШдагы элчиси Анатолий Антоновду чакыртып алган. Андан кийин АКШнын элчиси Жон Салливанга Москва Вашингтонго кеңешмеге барууну сунуш кылып, мекенине кайткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG