Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:36

Чек ара: юрист менен бийликтин дооматы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева президенттик администрациянын чек арага байланыштуу соңку билдирүүсүн айыптап чыкты. Мунун алдында мамлекет башчынын администрациясы кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасына кайрылган кыргызстандык юристтердин кадамын сынга алган эле.

Сания Токтогазиева бийликти кыргыз-тажик чек арасындагы маселеге байланыштуу "өзүн-өзү эл алдында кемсинткен билдирүү таратты" деп айтып чыкты. Ал мындай пикирин 16-июнда “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялады.

Сания Токтогазиева
Сания Токтогазиева

“Бул билдирүү президенттик администрациянын Эл аралык кылмыш сотунун иши тууралуу таптакыр түшүнүүсү жоктугун көрсөтүүдө. Сотко кайрылуу мамлекеттик органдардын эмес, жабыркагандардын, юристтердин жана жарандык коомдун атынан жөнөтүлгөн! Президенттик администрациядан эч кандай билдирүү талап кылынган эмес. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын ушинтип ачыктан ачык тебелегенче таптакыр унчукпай эле коюшса болмок!”, - деди Токтогазиева.

Мунун алдында президенттин администрациясы кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуратурасына кайрылган кыргызстандык юристтердин кадамын сынга алган.

Расмий сайттагы билдирүүдө "чек ара маселеси аяр мамилени талап кылып жатканы жана бул жагдайда айрым жарандардын демилгеси маселенин саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн экени" жазылган.

“Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелеринин бардыгы саясий-дипломатиялык жолдор менен гана чечилип жатат. Бул ишке байланыштуу өкмөттөр аралык комиссиялар ишин улантууда. Алар эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен маселени чечүүнүн эң алгылыктуу жолдорун издеп жатышат. Чек ара тынчтык жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле баштаганда, айрым күчтөр кайрадан эки тараптуу мамилелерде чыңалууну жараткысы келип жатышы мүмкүн”, - деп айтылат маалыматта.

Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокуратурасы кыргызстандык юристтердин кайрылуусун каттаганы 15-июнда белгилүү болгон.

Юристтер Кыргызстандын жай тургундарына каршы Тажикстандын бийлигинин аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен 6-июнда Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдошкон.

Эл аралык Human Rights Watch уюму 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында башталган куралдуу кагылышта аскердик оор куралдар колдонулуп, андан карапайым эл жабыркаганын белгилеген.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG