Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:04

Байден Путин менен жолугушуу үчүн Женевага келди


Швейцария. АКШ менен Орусиянын президенттерин тосуп алууга даярданган Женеванын аба майданы.
Швейцария. АКШ менен Орусиянын президенттерин тосуп алууга даярданган Женеванын аба майданы.

АКШ президенти Жо Байден шейшемби күнү түштөн кийин Женевага келип түштү. Ал 16-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугат.

Дүйнөлүк басма сөз Байдендин Европага сапарына, айрыкча Женевада өтө турган Путин менен жолугушуусуна кылдат көңүл бурууда. Буга чейин Жо Байден Улуу Британияда «Чоң жетинин» жыйынында болуп, ханыша Елизавета II менен кезикти. Брюссселде НАТОнун саммити менен АКШ-Евробиримдик жыйынына катышты.

Орус тарап Байден менен Путиндин жолугушуусунда камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын маселеси козголорун күтүп жатканы белгилүү болду.

Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков шейшембиде журналисттерге билдиргендей, бул багытта америкалык тараптан абдан көп белги түшкөн.

Ошол эле кезде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жолугушууда Навальный маселеси талкууланбай турганын белгилеп, "абакта отургандыктан, ал адам тууралуу сүйлөшүү болбойт" деп айтты.

Эки тарап тең Орусия менен АКШнын түрмөлөрүндө отурган камактагылардын тагдыры тууралуу сөз болушу мүмкүн экенин жокко чыгарышпайт.

Байден буга чейин Путин менен жолугушууда АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн бирдиктүү турумун көрсөтө турганын билдирген.

АКШ менен Орусиянын президенттери 16-июнда Женевада жолугат.

Кездешүү америкалык-орусиялык мамиле курчуп, чыңалып турган учурда өткөнү жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG