Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Байден Украинанын НАТОго кирүү шарттарын атады


Жо Байден НАТОнун саммиттинде.
Жо Байден НАТОнун саммиттинде.

АКШ президенти Жо Байден Брюсселде Орусиянын агрессиясы Украинанын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбай турганын айтып, бирок Киев бул үчүн бир топ шарттарды аткарышы керектигин билдирди.

Анын айтымында, НАТОго мүчө болуу планын кабыл алуу үчүн Украина тиешелүү талаптарга жооп берүүгө тийиш. Ал бул аскердик союзга кирүү жолундагы эң зарыл кадам экенин айтты.

"Украина уюмга мүчө болуунун алдында анда коррупцияны жоюу милдети турат",-деди Байден.

Ошондой эле ал Украинанын НАТОго мүчө болуу мүмкүнчүлүгү бул уюмга кирген башка мамлекеттердин турумунан дагы көз каранды экенин белгиледи.

Ошондой эле АКШ президенти Түндүк атлантикалык альянс мурдагыдай эле Украина Орусиянын кысымына туруштук берүү үчүн аны колдоого даяр экенин баса белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG