Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:40

Айзаданын өлүмү боюнча сот 1-июлга жылдырылды


Айзада Канатбекованын иши боюнча сот. Сүйлөп жаткан Айзаданын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов. 27-май, 2021-жыл.
Айзада Канатбекованын иши боюнча сот. Сүйлөп жаткан Айзаданын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов. 27-май, 2021-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу 15-июнга белгиленген отурум болбой калды. Буга айыпталуучулардын бири Сыймык Молдосариевдин адвокаты сотко келбегени негиз болду. Кийинки отурум 1-июлга дайындалды.

Айзаданын жакындарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов шектүү Молдосариевдин адвокаты буга чейин да сотко келбей койгонун айтып, ага чара көрүү керектигин билдирди.

“Адвокат бүгүнкү процесс такталып жатканда эле башка да отурумдары бар экенин айтышы керек болчу. Ал болсо сотко бүгүн эле кат жибериптир. Бул судьяны, башка адвокаттарды сыйлабастык. Бул боюнча мен Кыргызстандын адвокатурасына кайрылам”.

Жазык кодексинин "Адам уурдоо", "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен беш адам - Орзубек Нурумбетов, Замирбек Раманкулов, Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу жана Ажыкабыл Рысбай уулу шектелип жатат. Төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар, бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.

Коронавирус пандемиясынан улам айыпталуучулар сотко Бишкектин №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу аралыктан катышып жатат.

Бишкекте быйыл 5-апрелде Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада киши колдуу болгонго чейин зордукталганын кабарлаган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялары өткөн жана ИИМдин иши катуу сынга кабылып, 40тан ашык милиция кызматкери жумуштан алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG