Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Новосибирскидеги жарылуудан 26 адам жабыркады (видео)


Орусия. Новосибирск шаарындагы жарылган автогаз бекети.
Орусия. Новосибирск шаарындагы жарылган автогаз бекети.

Новосибирск шаарынын Октябрь районунда жайгашкан автогаз бекетинде жарылуу болуп, кеминде 26 адам жабыркады. Бул тууралуу облустагы "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Ирина Большаковага шилтеме берип "Интерфакс" агенттиги жазды.

“Азыркы учурда 26 жабырлануучу келип түштү. Бирөөнүн абалы оор. Бир 12 жашар өспүрүмдүн абалы орточо деп бааланган”, – деди Ирина Большакова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын маалыматы боюнча өрт каптаган аянт Гусиноброд шоссесинде 800 чарчы метрге чейин жеткен. Тилсиз жоонун ал жердеги кампаларга дагы жайылуу коркунучу бар.

Орусиянын Тергөө комитети коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу Кылмыш-жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG