Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

УКМК журналисттин дронун кайра берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

14-июнда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти Адилет Бектурсунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Баткен облусундагы бөлүмүнө чакырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Журналисттик топ "Азия 360" программасына Баткендин Айдеркен шаары тууралуу берүү тартып жүргөн. Иш учурунда шаардын жалпы көрүнүшүн алуу максатында асманга дрон учурушкан.

"Чек ара кызматынын Айдаркендеги өкүлдөрү дронубузду жана документтерибизди алып коюшкан. Сүйлөшүүдөн кийин документтерибизди дароо кайтарып беришти. Андан соң дрондун ичиндеги материалды текшерип, айрым кадрларды өчүргөн соң аны да беришти", - деди Бектурсунов.

УКМКнын басма сөз кызматы дрон менен чек ара аймагын тартууга тыюу салынарын эскертип, бул тууралуу журналисттик топко түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн бышыктады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG