Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Бишкекте кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү


Журналист Айдай Токоева көчөдөн кабылган окуядан көрүнүш.
Журналист Айдай Токоева көчөдөн кабылган окуядан көрүнүш.

Бишкекте бүгүн, 13-июнда кыздарга ыдык көрсөтүүгө каршы акция өттү. Жыйырмадан ашуун активист кыз Ала-Тоо аянтында чолок шым кийип, жүрүш уюштурушту. Алар муну менен ар бир кыз каалагандай кийинүүгө укуктуу экенин белгилеп, колдоруна кыздарды кемсинткен, кодулаган, ыдык көрсөткөн көрүнүштөргө каршылык билдирген жазууларды кармап турушту.

Бишкекте көчөдө бейтааныш жигиттен ыдык көргөнүн айткан журналист Айдай Токоева 8-июнда милицияга арыз жазган. Арыз Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө берилген жана анын негизинде кылмыш иши козголгон. Токоева өзү окуяны сотко чейин жеткирип, башка балдарга сабак болушун кааларын билдирген. Бул окуя Кыргызстанда харассмент темасын күн тартибине чыгарган.

Харассмент – кимдир бирөөгө болгон олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG