Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Өкмөт: “Сосновка” бекетинде тараза көзөмөлү иштебей турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөлү талаптагыдай иштебей жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 11-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бекеттин иши менен таанышты. Анда эртең мененки саат 8де аталган бекет аркылуу 29 автомашина өткөн болсо, 17си гана каттоого алынганы аныкталды.

“Тараза көзөмөл тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук иш алып барышына жетишүүбүз керек», - деди Марипов.

2020-жылы Бишкек-Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам «масштабдуу коррупциялык схемага» шек саналып кармалган. Алар «Сосновка», «Кара-Көл» туннель бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланган.

Кыргызстан Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде 2020-жылдын жыйынтыгы менен 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээлеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG