Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

COVID-19: Беш адам каза болду, 619 бейтап жаңы катталды


Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы стационарлардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 619 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Бул тууралуу 12-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарынын, бирөө Ысык-Көл облусунун тургундары.

Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (273), Ош шаарына (110) жана Чүй облусуна (99) туура келет. Калган облустарда беш-ондон, 20-30дан учур катталды.

12-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 296 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 109 миң 812 кишиге жукту. Анын 102 миң 314ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1881 адам кайтыш болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG