Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:42

Армения "коньяк" деген сөздөн баш тартканы үчүн 3 млн. евро алат


Армениянын өкмөтү Евробиримдиктен финансалык жардам алуу боюнча макулдашууну бекитти.

Ага ылайык, алкоголдук ичимдиктин «коньяк» деген аталыш сөзүнөн баш тартканы үчүн Евробиримдик Арменияга 3 млн. евро кенемте төлөй турган болду.

Бул тууралуу PanArmenian басылмасы жазып чыкты. Төлөмдөр Европанын коңшулук программасынын алкагында жүргүзүлөт.

Бул каражат сырткы рыноктогу атаандаштыкты колдоо үчүн жаңы брендди иштеп чыгуу үчүн колдонулат.

Армения 2032-жылдан баштап «коньяк» деген аталышта алкоголдук ичимдик чыгарууну токтотот. Андан кийин жергиликтүү өндүрүшчүлөргө ичимдиктин калган запасын сатуу үчүн дагы 11 жыл берилет.

Франциянын мыйзамы боюнча “коньяк” деген ичимдиктин аты корголгон географиялык аталыш болуп саналат. Атайын технология менен жүзүмдүн өзгөчө сортторунан даярдалган күчтүү алкоголдук ичимдик “коньяк” деп аталышы мүмкүн. Бирок КМШ өлкөлөрүндө өндүрүш жайына карабастан брендинин кайсы гана түрү болбосун “коньяк” деп аталып келген.

Евробиримдик Армения менен 2017-жылы “коньяк” жана “шампан” деген сөздөрүн колдонуудан баш тартууну макулдашкан.

Бул тууралуу Евробиримдик менен Армениянын кеңейтилген өнөктөштүк тууралуу макулдашуусунда өзүнчө бөлүкчө менен киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG