Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:32

Латвия: депутат, экс-министр тыңчылыкка шектелип кармалды


Янис Адамсон. Сеймдин депутаты, Латвиянын мурдагы ички иштер министри.
Янис Адамсон. Сеймдин депутаты, Латвиянын мурдагы ички иштер министри.

Ригада сот парламенттеги “ Согласие” деген оппозициялык партиядан депутат, мурдагы ички иштер министри Янис Адамсонду “Орусиянын пайдасы үчүн тыңчылык кылган” деген шек менен камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Латвиянын LETA жаңылыктар агенттиги кабарлады.

Тергөө Адамсон Орусиянын атайын кызматтарына аскердик бюджет жана аскердик сатып алуулар тууралуу маалыматтарды берип турган деп шек санап жатат.

Мындан сырткары тергөө ал депутат "Түндүк агым-2" долбооруна байланыштуу Балтика өлкөлөрүнүн позициясын дагы Москвага маалымдап турган болушу мүмкүн экенин белгиленген.

Адамсон мындай дооматтарды четке каккан. Депутаттын мамлекеттик сырды ачканы сотто далилденсе, ал өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ошондой эле Латвиянын маалымат каражаттары бул факты далилденсе, анда ал мурдагы жогорку кызмат адамы чет мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылганы аныкталган окуя болуп каларын белгилешти.

1990-жылдары Адамсон Ички иштер министрлигин жетектеген. Азыр ал Латвиянын Сейминде коргонуу комитетинин мүчөсү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, депутаттын жашыруун маалыматтарга ээ болууга укугу болгон эмес.

Сеймдин депутаттары көпчүлүк добуш менен депутатка карата тергөө амалдарын, тинтүү иштерин жүргүзүүгө 10-июнда уруксат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG