Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Футбол беттеши: Кыргызстан Мьянманы ири эсеп менен утту


Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.
Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши. 11.06.2021-ж. Осака, Жапония.

Жапониянын Осака шаарында болгон Мьянма менен Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде кыргызстандык футболчулар 1:8 эсебинде жеңишке жетти.

Чабуулчу, капитан Мирлан Мурзаев хеттрик жасады. Ал оюндун 45, 60 жана 77-мүнөттөрүндө гол киргизди. Ал эми калган беш голдун авторлору Турсунали Рустамов, Гулжигит Алыкулов, Фархат Мусабеков, Алимардон Шүкүров жана Абай Боколеев.

Мьянма курама командасынын жалгыз голунун автору Бобо Хлаинг.

Бул беттеш 2022-жылы Катарда боло турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда боло турган Азия чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун жооптук оюну болуп саналат. Аталган командалардын буга чейин 2019-жылдын 10-октябрында Бишкекте өткөн таймашында кыргыз футболчулары 7:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Алдыда 15-июнда Кыргызстан талаа ээси Жапония менен ойнойт.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Кыргызстан 2-катарга көтөрүлдү. Эсебинде он упай менен Тажикстан 3-тепкичке жайгашты. Бул мамлекет да жети оюн өткөргөн.

Сегиз оюндан кийин алты упай жыйнаган Монголия 4-катардан орун алса, жети оюнда эки жолу жеңишке жеткен Мьянма 5-орунда калды.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG