Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:20

COVID-19 526 адамга жукту, жети бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы жети бейтап каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1876 кишиге жетти.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 11-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 526 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (232) жана Ошто (101).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 303 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 109 193 киши вирус жугузуп алды. Анын 102 018и сакайды.

Учурда 1921 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Өлкөдө 2021-жылдын мартынан Кытайдын жана Орусиянын препараттары менен эмдөө башталган. Вакциналардын алгачкы партиясы түгөнүп, кезектегисин алып келүү иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат.

Ушул күнгө чейин 90 миңге жакын киши эмделди. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG