Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:12

The Diplomat: Риклтон менен Риттманндын Кыргызстанга кириши каралууда 


Крис Риклтон
Крис Риклтон

Кыргыз бийлиги журналист Крис Риклтон жана адам укуктары жаатындагы изилдөөчү Мира Риттманндын өлкөгө кириши боюнча маселени карап жатат. Ушундай мазмундагы макаланы 10-июнда The Diplomat басылмасы өз булактарына таянып жазды. Маалыматка караганда, кыргыз президенти Садыр Жапаров британ премьери Борис Жонсонго жолдогон катында: “Өлкөдөгү ачык-айкындуулуктун жаңы духун баса белгилөө, эки тараптуу кызматташтыктын деңгээлин көтөрүү максатында буга чейинки бийлик тарабынан журналист Крис Риклтон жана “Хьюман Райтс Уотч” уюмунун регионалдык өкүлү Мира Риттманнга салынган чектөөнү кайра карап чыгуу буйругун бердим”, - деп айткан.

АКШнын жараны Риттманн Кыргызстандан 2015-жылдын декабрында депортацияланып, «нон грата персоналы» деп жарыяланган. Ал миграциялык мыйзамдарды бузган деп айыпталган. Бирок кайсы мыйзамды бузганы айтылбаган.

Эки жылдан кийин журналист, британ жараны Крис Риклтон Кыргызстанга киргизилген эмес. Себеби түшүндүрүлгөн эмес. Ал маалда УКМК журналист виза режимин бузган деп билдирген. Риклтон виза режимин сактаганын айткан.

Эки окуя Кыргызстандын “демократия аралчасы деген аброюна шек келтирген" деп жазат The Diplomat.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG