Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Европарламенттин эки депутаты Инанды боюнча маселе көтөрдү


Орхан Инанды
Орхан Инанды

Европарламенттин эки депутаты Кыргызстанда 31-майдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды тууралуу маселе көтөрдү.

Европа элдик демократиялык партиясынан шайланган Роза Тхун унд Хохенштейн жана Фулвио Мартушелло 2016-жылдан бери Анкара дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен 100дөн ашык түрк жарандарын уурдап кеткендигин айтышкан. Буга тынчсызданып жатканын билдиришкен.

Алар Түркия менен Кыргызстанды Инандыны табуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жана анын жоголуп кеткен жагдайларын ачыкка чыгарууга үндөшкөн. Мындан тышкары Фетхуллах Гүлендин тууганы Селахеттин Гүлен Кенияда кармалганын эскертишип, эл аралык укук олуттуу бузулганын белгилешкен.

Кыргызстанда 20га чукул "Сапат" менчик лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ушул тапта аны Интерпол да издөөдө.

Анкара Инандыны Түркияда террористтик деп таанылган “Хизмет” кыймылына мүчө деп айыптап, аны экстрадициялоону Бишкектен бир нече жолу өтүнгөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Анкарада Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда Орхан Инанды тууралуу да сөз болгон. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Садыр Жапаров кызматташы Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбей турганын айтты", - деди Султанбаев.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. Гүлен жана анын тарапташтары мындай дооматтарды четке кагышкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG