Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:12

Анкарада Эл аралык Ысык-Көл форуму өттү


IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи. Анкара шаары.
IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземи. Анкара шаары.

9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV Эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты. Анда лидерлер сөз сүйлөп, Жапаров Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Форум буга чейин Анкара шаарында уюштурулуп, Айтматовдун ааламы, экологиялык чөйрө жана коопсуздук, азыркы дүйнөдөгү маданий өзгөчөлүктөр тууралуу талкуулар өткөн.

Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумун өткөрүү туурасында 1986-жылы демилге көтөргөн.

Ошондой эле мамлекет башчылар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышына катышты. Көргөзмөнү Анкарадагы элчилик уюштуруп, Кыргызстандын тарыхы, маданияты, жаратылышы жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган сүрөттөр коюлган.

Садыр Жапаров Түркияга расмий сапары 9-июнда башталды. Алдыда эки өлкөнүн бизнес форумуна катышып, Анкарада иштеп жүргөн мекендештер жана окуп жаткан студенттер менен баарлашмакчы. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG