Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:16

Бажычы Карашевдин байманалуу жашоосу жөнүндө иликтөө чыкты


Замирбек Карашев. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары.
Замирбек Карашев. Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары.

Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкеринин байманалуу жашоосу тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Иликтөөдө ушул жылдын апрель айына чейин мекеменин төрагасынын орун басары болуп иштеген Замирбек Карашев аттуу бажычынын үй-бүлөсү декларацияда көрсөткөн мүлкүнө дал келбеген жашоосу көрсөтүлгөн.

Журналисттер ачык булактардын жардамы менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Замирбек Карашаевдин үй-бүлөсү Таиландда чогуу эс алганын далилдешкенин жазган.

Негизги далилди Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана Карашевдин кызынын "Инстаграмдагы" сүрөттөрү түзөт.

Иликтөөдөгү маалыматка ылайык, Замирбек Карашев бажы тармагында бир нече жогорку кызматтарды аркалаган. 2011-жылы Райымбек Матраимов Ош облустук бажысын башкарып турганда ага орун басар болгон. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунун бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеп, кийин бул кызматты жетектеген.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкич жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган.

Карашев декларацияда эч бир жеке менчигин көрсөткөн эмес, болгону үй-бүлөсүнүн кирешеси 2016-жылы 663 миң сомду (9 миң долларды) түзгөнүн билдирген.

Белгисиз себептер менен Салык кызматынын сайтында анын активдери тууралуу декларация жайгаштырылган эмес.

“Клооп” сайты Карашев апрель айында табышмактуу жагдайда Бажы кызматындагы ээлеген кызматынан бошотулганын жазды.

Карашевдердин үй-бүлөсү иликтөөчү журналисттердин суроолоруна жооп бере элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG