Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Кадамжайда депутат ири маңзат соодасына шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кадамжайда жергиликтүү кеңештин депутаты эл аралык маңзат соодасына шек саналууда. Аны менен кошо дагы эки тургун камалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-июнда билдиргендей, ал кезектеги маңзат партиясын Өзбекстанга жөнөтүп жаткан учурда колго түшкөн. Тергөөнүн баштапкы божомолуна ылайык, 50 кг ашуун маңзат жана 250 миң доллар колго түшүрүлгөн.

Мындан тышкары, орган кызматкерлери депутаттын жана анын агасынын жашаган жерин, автоунааларын тинтип, 37 кг ашуун марихуана, 9 кг чийки апийим, 4 кг гашиш, мыйзамсыз курал, 232 миң АКШ доллары, 42 миллион 299 миң 500 сум (өзбек валютасы) жана 106 миң сом табышкан.

Депутаттын аты-жөнү ачык айтыла элек. Ал маңзатты тараткан, Тажикстандан алып, Өзбекстанга ташыган деп шек саналууда. Кармоо үчүн атайын операция уюштурулган.

Маңзат соодасына аралашкандар Тажикстандын жарандарынын арасынан да изделүүдө.

Кыргызстандын жергиликтүү кеңештерине уюшма кылмыш топторунан депутат болуп келиши, аткезчиликти калкалап жатканы тууралуу буга чейин бир канча жолу маселе көтөрүлүп, парламентте нечен сөз болгон. (SE)




Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG