Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

COVID-19 дагы 469 адамга жукту, беш бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы беш бейтап каза болду. Алардын бирөө Бишкекте, экөө Чүйдө, дагы экиси Ош облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1864 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 459 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (183).

Мурда ооруп жаткандардын ичинен 331 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 108 173 киши вирус жугузуп алды. Анын 101 364ү сакайды.

Учурда 1818 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 106 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын "Sinopharm", Орусиянын "Sputnik V" вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн.

Ушул күнгө чейин 80 миңден ашык киши эмделди.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алганы жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG