Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:03

Тихановская Бакиевдин Минскиде жүргөнү тууралуу комментарий берди


Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская.

Беларус оппозициясынын лидери, мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская "Азаттык" радиосунун журналисти берген Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президентинин Минскиде жүргөндүгү тууралуу суроого жооп берди.

«Беларустун өзүндө эмне болуп жаткандыгын эске алсак, менимче көп адамдар бул жөнүндө ойлонушпайт. Себеби буга чейин Лукашенконун кыймыл-аракеттеринин бардыгы кадыресе көрүнүш катары кабыл алынып, эч ким буга туруштук бере алам деп ойлогон эмес. Былтыр гана эл көтөрүлүп чыгып, ким экендигин көрсөтө алды. Азыр гана бул маселе беларустардын арасында талкуулана баштагандыр».

Светлана Тихановская 8-июнда "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинде болуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Казакстандын азыркы жана мурдагы президенттери Светлана Тихановская менен байланышка чыкканбы деген суроого ал Касым-Жоомарт Токаев менен да, Нурсултан Назарбаев менен да расмий сүйлөшүү болбогонун айтты.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин Курманбек Бакиев башында турган бийлик кулатылган. Мурдагы президент жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларустун борбору Минскиде баш калкалап жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG