Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:00

Талас: Бабановдун тарапташтары митингге чыгышты


Талас. Өмүрбек Бабановду колдоо митинги. 08.06.2021
Талас. Өмүрбек Бабановду колдоо митинги. 08.06.2021

Камактагы мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоо митинги Талас шаарында өтүп жатат. Саясатчынын тарапташтары облустук драм театрынын жанына чогулушту.

Алар Бабановго коюлган айып жалган экенин айтып, соттун жабыктыгына, журналисттерди киргизбей жатканына нааразычылыгын билдиришүүдө.

Уюштуруучулар митингге миңден ашуун адам келгенин маалымдашты. Облустук милициянын эсебинде алардын саны 200дүн тегерегинде.

Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында жатат. Ал 31-майда “Кумтөр иши” боюнча УКМКга суракка баргандан кийин кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирип жатат.

Саясатчы камакка алынгандан кийин, 7-июнда абактан элге кайрылуу жолдоп, сот жабык өткөнүн сындап, аудио жана видео жазуулар атайылап берилбей жатканын айтты.

Адвокат Амантур Абдрахманов 8-июнда Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасына байланыштуу Бишкек шаардык сотко даттанган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG