Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:11

Ооганстанда дагы бир район талибдердин көзөмөлүнө өттү


Ооганстандын Кандагар чөлкөмү. (иллюстрациялык сүрөт)
Ооганстандын Кандагар чөлкөмү. (иллюстрациялык сүрөт)

"Талибан" кыймылынын согушкерлери Ооганстандагы дагы бир районду басып алышты. Өкмөттүк күчтөр Фарияб провинциясынын Давлат Абад районунан чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу 8-июнда коопсуздук органдары “Азаттыктын” ооган кызматына билдиришти.

Облустук кеңештин мүчөсү Абдул Ахад Алибектин айтымында, байланыш үзүлгөндүктөн ондогон аскердин тагдыры белгисиз болууда. Согушкерлер районго кетчү бардык жолдорду өз көзөмөлүнө алып, жоокерлерге жардам жөнөтүү да мүмкүн болгон жок.

АКШ жана НАТОнун аскерлери ооган жергесинен чыгарыла баштаган 1-майдан бери жоочулар улам бир аймакты өздөрүнө кайтарып келатышат.

Ооган бийлигинин маалыматына ылайык, талибдер 6-июндан бери дагы эки районду алышты. 7-июнда Пактия, Баглан, Нангархар, Лугар жана Багдис провинцияларындагы кармаштарда 70тен көп согушер жок кылынгааны кабарланган.

Америкалык контингент Ооганстандан 11-сентябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш.

АКШ Борбордук командачылыгынын жетекчиси, генерал Кеннет МакКензи аскерлерди алып кетүү жараяны өз ыргагында жүрүп, жарымына жетип калганын дүйшөмбүдө билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG