Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:15

Венгрия: Кытай университетин ачууга каршы акция өттү


Кытай университетине каршы акция. Венгрия.
Кытай университетине каршы акция. Венгрия.

Венгрияда өкмөттүн Будапештке Кытай университетин ачуу тууралуу чечимине каршы миңдеген адамдар акцияга чыгышты. Акция өткөн 6-июндун кечинде премьер-министр Виктор Орбандын администрация башчысы Гергей Гуляш талкууга түшкөн университет жаңыдан гана пландалып жатканын билдирди.

«Кытай университетинин ачуу боюнча чечимди Будапешттин тургундары кабыл алыш үчүн референдум өткөрүүнү колдойбуз»,-деди Гуляш.

Кытай менен Венгрия өкмөттөрү апрель айынын соңунда университеттин филиалын курууну макулдашкан. Окуу жайы 2024-жылы ачылмак. Сегиз миң кытай студентине ылайыкташкан кампуска 1,5 миллиард евро бөлүү каралган. Эгер ачылса, Евробиримдиктин аймагындагы Кытайдын биринчи университети болуп калат.

Орбандын өкмөтүнүн бул чечимин башкалаа Будапешттин бийлиги колдогон эмес. Кытай университетин ачууга каршылык иретинде Будапешт мэриясы окуу жайдын кампусу курула турган райондогу көчөлөргө "Эркин Гонконг", "Далай Лама" жана "Уйгур шейиттери" деген аталаштырды берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG