Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

COVID-19: Тайван менен Австралия чектөөлөрдү узартты


Тайван
Тайван

Тайванда коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөр 28-июнга чейин күчүндө болот. Бул аймактын бийлиги калк арасында оорунун жугуштуу түрлөрү тарап жатканына тынчсызданууда.

Ушул кезге чейин тайвандыктардын үч пайызга жакыны гана эмдөөдөн өткөн. Өткөн аптада бул өлкөгө барган америкалык сенаторлор АКШ коронавируска каршы 750 миң вакцина берерин билдирген.

Ал эми Австралиядагы Виктория штатында соңку аптада коронавирус жуктургандардын саны өсө баштады. Штаттын борбору Мельбурнда буга чейин вирустун жугуштуу штаммдарынын бири аныкталган соң чаралар күчөтүлгөн.

Ал ортодо жайкы Олимп оюндары өтчү Жапонияда сурамжылоодо алгачкы жолу калктын жарымынан көбү спорттук мелдешти өз убагында өткөрүүнү колдоду. Буга чейинки сурамжылоолордо ага катышкандардын көбү Олимп оюндарын башка убакка жылдырууну колдоп келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG