Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:39

Тажикстан Унжу-Булакка койгон контейнерин жүктөп кетти


Чоң-Алай. Унжу-Булак тилкеси. Тажикстан тарап 4-июнда таңга маал контейнер коюуда.
Чоң-Алай. Унжу-Булак тилкеси. Тажикстан тарап 4-июнда таңга маал контейнер коюуда.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар күнүмдүк тартипте иштөөгө өткөнүн билдирди.

Тажикстан тарап 4-июнда таңга маал тактала элек Унжу-Булак тилкесине орноткон контейнерин алып кеткен.

Социалдык тармактарда Тажикстандын жүк ташуучу автоунаасы Унжу-Булактагы контейнерди жүктөп кетип бараткан видео тарады.

Чек ара кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, аймактан эки тараптын куралдуу күчтөрдү мурунку ордуна алып кетүү аяктаганын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 4-июнда таңга маал тажик аскерлери Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак деген жердеги тактала элек жерге контейнер орното баштаганын жана Кыргызстандын аймагына 1000 метр ичкери кирип келгенин кабарлаган. Ошол жерде тажик аскерлери, автомашиналар жана жеңил брондолгон техника топтоло баштаганы байкалган.

Тажикстан тарап аскерлер эки мамлекеттин өкмөттөр аралык комиссиясы макулдашкан чек ара тилкелерин кайтарып жатканын айткан. Бирок кыргыз өкмөтү бул маалыматты четке кагып, Унжу-Булак участогундагы чек ара тилкеси чийиле электигин кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыңалууга байланыштуу 4-июнда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги элчилерди чакырып, бири-бирине нааразылык ноталарын тапшырган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов 5-июнда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ага ылайык, эки тарап тең чек ара постторун өзүнүн аймагына карай 3 километрге жылдырат. Аскерлер жана аскердик техникалар мурунку ордуна кайтарылат жана аймактагы жайыттар орток пайдаланылмакчы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш объектиси жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG