Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:44

Жапониядагы тандоо оюндары: Крестинин уюштуруу иштерине нааразы


Александр Крестинин.
Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Жапонияда пандемиядан улам машыгууга мүмкүн болбой жатканын билдирип чыкты.

Футбол федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык футболчулар Бишкектен тест тапшырганда баары таза чыккан. Жапонияда спортчулардын биринен "вирус аныкталды" деген негиз менен жалпы командага машыгууга уруксат берилген эмес:

"Биз болгону бир эле жолу машыктык. Ага да баарынын тест жыйынтыгы жакшы чыкса да, команда толук курамда катыша алган жок. Бир адамдан вирус аныкталды деп бүтүндөй команданы машыгуудан четтетип коюп атышат", - деди Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына катышуу үчүн 2-июнда Жапониянын Осака шаарына жөнөп кеткен.

Аталган шаарда 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген курамада 25 футболчу бар.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылган.

1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын баары тең Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатышат.(ZKo/GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG