Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Бишкекте Орхан Инандыны табууну талап кылгандардын митинги уланды


Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. Бишкек, Кыргызстан.
Орхан Инандыны табуу талабы менен чыккандар. Бишкек, Кыргызстан.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти, беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Орхан Инандыны табууну талап кылгандар 5-июнда да Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Митингге 200дөн ашык адам катышууда. Чогулгандар акция Инанды табылганга чейин уланарын маалымдашууда.

Инандыны табууну талап кылгандардын акциясы 1-2-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында, 3-июнда Жогорку Кеңештин имаратынын алдына, 4-июнда өкмөт үйүнүн алдына чогулушкан.

Ички иштер министрлиги 5-июнда кабарлагандай, Орхан Инандыны издөө иштери жалпы республика боюнча жүргүзүлүүдө. Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, автоунаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда.

Орхан Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG