Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:27

Орусия: оппозициячыл саясатчыга иш козголду


Геннадий Гудков
Геннадий Гудков

Орусияда оппозициячыл саясатчы, мурдагы депутат Геннадий Гудковго курал-жарак жана ок-дарыны мыйзамсыз сактаган деген айып менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары укук коргоо органдарына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка караганда, Гудковдун кеңсесин тинтүү учурунда "Макаров" тапанчасынын 50 огу табылган. Ага уруксат кагазынын мөөнөтү өтүп кеткени белгилүү болгон. Бул кылмышка шектүү адам беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Геннадий Гудков коопсуздук кызматынын ардагери. Соңку бир нече жылдан бери орус бийлигине сын айтып келатат. Учурда Болгарияда жашайт. Анын уулу, оппозициячыл саясатчы, Мамдуманын мурдагы депутаты Дмитрий Гудков 1-июнда 48 саатка камалган. Ал 2015-2017-жылдары "кеңсенин ижара акысы боюнча карыздарды төлөбөй койгон" деп шек саналууда.

Ата-бала Гудковдор акыркы кылмыш ишин оппозициячыл ишмердиги менен түшүндүрүп, саясий куугунтук катары сыпатташууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG