Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Чек ара отрядындагы окуяда жараат алган экинчи аскер каза болду


Баткендеги чек ара отряды. Архивдик сүрөт.
Баткендеги чек ара отряды. Архивдик сүрөт.

Баткен районунун Паскы-Арык айылында кызмат өтөп жатып, куралды этиятсыз колдонгону айтылган аскерлердин экинчиси 3-июнда каза болду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

1-июндагы окуяда чек ара отрядында иштеген аскерлердин бири каза таап, экинчиси оор жаракат алган эле.

Алган жарааттарынан улам экинчи аскер 3-июнда көз жумду.

Тийиштүү органдар бул факты боюнча жеринде териштирүү жүргүзүп жатышат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG