Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Коопсуздук кеңеши Орхан Инандыга байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү


Орхан Инанды.
Орхан Инанды.

Коопсуздук кеңшинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 3-июнда үч күндөн бери табылбай жаткан Орхан Инандыга байланыштуу укук коргоо органдары менен кеңешме өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешмеге Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү катышып, ыкчам-тергөө, издөө иштери тууралуу маалымат беришти.

Кеңешмеде Марат Иманкулов Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Инандынын эшиги ачык калган машинеси 1-июнга караган түнү таңга маал өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы менен 31-майда кечинде байланышканын, ошондон бери дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүп, кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 16 "Сапат" жеке мектептерин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG