Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Тегерандагы мунай заводдо өрт чыкты


Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдогу өрт.
Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдогу өрт.

Ирандын маалымат каражаттары 2-июнда жазгандай, баш калаа Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Курмандыктар тууралуу азырынча кабар түшө элек.

Тегеран бийлигинин өкүлү Мансур Даражати мамлекеттик каналга берген маегинде Тондгуян заводундагы суюлтулган газ бөлүмүндө өрт тутанган болушу мүмкүн.

Тилсиз жоонун чыгышына эмне түрткү болгону белгисиз.

Ушул эле күнү Оман булуңундагы аскердик кемеде өрт чыгып, чөгүп кеткен. Ичиндеги экипаж коопсуз жайга көчүрүлгөнү маалымдалды.

Маалымат каражаттары "машыгуучу кеме" деп атап жаткан "Харг" Британияда курулуп, 1977-жылдан тартып пайдаланылып жаткан. Ал Ирандын деңиз аскердик күчтөрүнүн колуна 1984-жылы тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG