Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:40

Валерий Кичинге “Даңк” медалы ыйгарылды


Валерий Кичин жана Кайрат Иманалиев.
Валерий Кичин жана Кайрат Иманалиев.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын капитаны Валерий Кичинге «Даңк» медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт министрлиги маалымдады.

Мамлекеттик сыйлык Валерий Кичинге “2019-жылы өткөн Азия футбол кубогунда татыктуу оюн көрсөткөндүгү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдагандыгы жана футболго чексиз берилип кызмат кылгандыгы үчүн ыйгарылганы” кабарланды.

29 жаштагы Валерий Кичин 2019-жылдан бери Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG