Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:14

Ажырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыкты


Кыргызстандагы тойлордун бири.
Кыргызстандагы тойлордун бири.

Кыргызстанда 2021-жылдын январь-май айларында 19 498 жуп расмий никеге катталышты.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Аймактарга бөлүп эсептегенде, эң көп никелешүү Ош облусуна туш келет. Беш айдын ичинде бул аймакта 4092 жуп үйлөндү.

Эң көп ажырашуулар Бишкекте катталды. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген.

2020-жылы күчүнө кирген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча каттоосуна карабай, каалаган жеринде никеге туруп, ажырашууну да каттата алышат.

Расмий маалыматтарга караганда, ажырашуу фактылары жылдан жылга көбөйүүдө. 2018-жылы 10 миң 434 ажырашуу катталса, 2019-жылы бул сан 10 миң 995ге жетип, 561ге арбыган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG