Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Өмүрбек Бабановдун тарапташтары соттун алдына чогулду


Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдында.
Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдында.

Бүгүн, 1-июнда мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапташтары Бишкектеги Биринчи май райондук сотунун алдына чогулуп, анын бөгөт чарасына байланыштуу чечимди күтүп жатышат.

"Азаттыктын" жериндеги кабарчысынын айтымында, соттун имаратынын алдында жүздөй адам турат.

Дүйшөмбүдө Улуттук коопсуздук комитети Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге айып койгон.

Ушул эле күнү, 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган.

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 48 саатка кармалган.

Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан.

Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG