Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:38

Кудайбергенов: Инанды Бишкекте күч менен кармалып турат деген маалымат бар


“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү басма сөз жыйында. Бишкек шаары. 1-июнь, 2021-жыл.
“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү басма сөз жыйында. Бишкек шаары. 1-июнь, 2021-жыл.

“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү 1-июнда маалымат жыйын өткөрүп, мекеменин жетекчиси Орхан Инандыны табууга жардамдашууга чакырышты.

Адвокат Зоотбек Кудайбергеновдун айтымында, такталбаган маалыматтар боюнча Инанды Бишкек шаарында күч менен кармалып турушу мүмкүн.

“Биздеги тастыкталбаган маалымат боюнча күч колдонуп, Бишкеке тирүү кармап турушат. Автоунаасы Октябрь районундагы бир кафенин жанында табылды. Анын ичинде баалуу буюмдар жоголгон эмес. Бул - уурдап-тоноо үчүн болгон эмес дегенди түшүндүрөт. Эгер тоноо болсо баалуу буюмдар жок болуп кетет эле”.

“Сапат” билим берүү мекемесинин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго Инандыны табуу үчүн атайын тапшырма бергенине ыраазы экенин билдиришти.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган.

2016-жылы Түркиянын бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки мамлекеттин мамилеси сууй түшкөн. 2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан «Себат» билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен «Сапат» болуп өзгөргөн.

2018-жылы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынын жүрүшүндө «Маариф» фонду менен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG