Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:00

Орусия: эң начар ажаатканалар боюнча сынактын жыйынтыгы чыкты


"Доместос" компаниясынын сынагына түшкөн сүрөттөр.
"Доместос" компаниясынын сынагына түшкөн сүрөттөр.

Британиялык "Доместос" компаниясы жарыялаган сынакка Орусиянын аймагындагы ондогон мектептердеги ажаатканалардын сүрөттөрү келген.

Аларды көргөн социалдык тармактардын колдонуучулары ажаатканалардагы шарт үчүн аткаминерлерди жана президент Владимир Путинди сынга алышты.

Кремлдин сынчысы Михаил Ходорковский негиздеген «Ачык Орусия» демократиячыл кыймылынын аткаруучу директору Андрей Пивоваров «Твиттерге»:

"Абдан үрөй учурган сүрөттөр. Сынак «жылдап мектептерди оңдоп-түздөбөгөн мамлекеттин балдарга болгон ушунчалык жаман мамилесин» көрсөттү",- деп жазды.

Булганган, начар абалдагы дааратканалардын саны өтө көп болгондуктан, «Доместос» компаниясы алты жеңүүчүнү аныктады. Алардын баарын эми компания оңдоп берет. Баарынан көп добуш Владимир облусундагы Гусь-Хрустальный шаарындагы эң начар ажаатканага берилген.

Сынакка катышкан бардык мектептер «Доместос» тазалоочу каражатынын бир жылга жете тургандай продукциясын алышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG